Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан бир адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында бир бейтап каза болгон.
Илдет башталгандан тарта коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 057 болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус жуккан (пневмонияны эске алганда) жаңы 103 учур катталып, жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 43 миң 126га жетти. Алардын ичинен 36 миң 615 бейтап сакайып чыккан.