Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке жеке жана юридикалык жактардан 15-апрелге карата (саат 17:00) 125 млн 404 миң 486 сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ачылган эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат онлайн режиминде help.covid.kg сайтына жайгаштырылган – ал жерде Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине түшкөн каражаттар тууралуу маалыматтар бар.
Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн ресурста төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүдө:
- Атайын депозиттик эсептерге түшкөн акча каражаттар жана аларды бөлүштүрүү;
- Келип түшкөн жана көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү;
- Жардамды бөлүштүрүү: которуулардын негиздемелери, келип түшкөн кайрымдуу жардам кимге жана кайда жөнөтүлдү.
Ресурста жайгаштырылган кошумча маалымат:
- жардам көрсөткөн булак, берилген жардамдын беренелер боюнча бөлүштүрүлүшү жана анын көлөмү;
- азык-түлүк алууга жарандардан келип түшкөн билдирмелердин саны, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны жана көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү;
- "ыкчам байланыш" боюнча көп берилген суроолор боюнча маалымат.
Маалыматтык ресурс Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT штабдын адистери тарабынан иштелип чыккан.