Коронавирус: Кытайда ооруну жуктуруп алгандардын саны 5,9 миңден ашты

Дүйнө

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Ооруга чалдыккандардын ичинен 1 миң 239 кишинин абалы оор деп бааланууда. Аны менен бирге 9,2 миң кишиде коронавирустун белгилери байкалган. Бирок алардын диагнозу тактала элек.

Ошондой эле 60 миңге жакын киши карантинге алынган.