Коронавирус: Кара-Көл жана Таш-Көмүр милициясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кара-Көл жана Таш-Көмүр милициясы жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кара-Көл шаары Бишкек-Ош жолунун аймагында жайгашкандыктан жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коронавирус илдетинин алдын алуу максатында ШИИБдин кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөп жатышат.

"Шаар аймагына 3 жерге санитардык-карантиндик посттор коюлуп, тиешелүү кызматтар элдин саламаттыгы үчүн жумуш алып барууда. Алар трасса аркылуу Кара-Көл аймагына кирип-чыгып жаткан автоунааларды көзөмөлдөп, дезинфекциялап жана дене табы көтөрүлгөн жүргүнчүлөр болсо, текшерүүгө алышууда", - деп айтылууда маалыматта.

Ошондой эле милиция кызматкерлери шаар тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ушундай эле иш-чаралар Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан да жүргүзүлүп жатат. Милиция кызматкерлери учурдун көйгөйү болгон илдетке байланыштуу шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Беткабы жок көчөдө жүргөн атуулдарга эскертүүлөр берилип, жарандарга беткаптар таратылды.