"Коопсуз шаар": Айыпты эки аптада төлөсөңүз 50 пайыз арзандайт

Коом

Бишкек. 18.02.19 /Кабар/. Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулун эки жумада төлөсө 50 пайызы кемитилет. Бул тууралуу журналисттерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айыпты банк жана «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөөгө болот.

Абылгазиев долбоор ишке кирген күндөн тарта бир жума өткөнүн белгиледи. Бул убакыттын ичинде 9 миң 700 эреже бузуу катталган.

Өкмөт башчы белгилегендей, аны менен катар бир нече көйгөй жаралды. Анын ичинен эң негизгилери: жол тыгын, мамлекеттик номурларга байланыштуу эреже бузуулар (жасалма, жашыруун ж.б), жол чырактардын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, жол белгилери жана стоп линиялар.

Эске салсак, 12-февралдан тарта Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Анын алкагында жол эрежесинин бузулушун каттаган камералар борбор калаанын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган. Жакын арада дагы 38 көчөлөрдүн кесилишинде орнотулмакчы.