Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00гө карата каттамда 129 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан 66 автобус, "Аламүдүн Авто Транс" ишканасынан 6 автобус жана жеке менчик 123 автобус жүрөт.
Ошондой эле 1388 кичи автобус шаардын жүргүнчүлөрүн ташууда.
Муниципалитеттен белгилешкендей, коомдук транспорттун графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат

Пикир
Оставить комментарий