Колледжге кантип онлайн тапшыруу керек? Абитуриенттин кадамдары

Билим

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы колледждерге тапшыруунун алгоритмин эскертет.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын колледждерине 2020-2021-окуу жылында тапшыруу онлайн түрдө ишке ашырылат.

Абитуриент тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1-кадам. http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;

2-кадам. Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо.

Азыркы учурда Кыргызстанда 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир областтагы 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.

3-кадам. Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу керек;

4-кадам. Бардык керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн төмөнкү документтерди жүктөө зарыл:

• орто жалпы билими жөнүндө аттестат же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк,

• сүрөттөр.

“Катталуу” баскычын басуу зарыл;

5-кадам. Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу керек, анда өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;

6-кадам. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу зарыл.

Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.