Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Комиссия мүчөлөрү айыл жашоочулары менен жолугушту

Коом

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты, анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар.