Кочкордо унаадан мыйзамсыз олжолонгон коён, мылтык жана ок-дарылар табылды

Укук тартиби

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Буркан жайлоосунда “ВАЗ 2109” үлгүсүндѳгү унаанын ичинен мыйзамсыз олжолонгон коён, 16 калибриндеги мылтык жана ок-дарылар табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндѳ Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын 40 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну эч бир уруксат кагаздарын жок аңчылык кылып жүргѳндүгү аныкталган.

Жеринен акт түзүлүп. Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.