Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы жаңы өкүлү дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Нурболот Мирзахмедов Сабиржанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.