Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 22.01.20./Кабар/. Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.