Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Токтогулда мечит, Сузакта сарай өрттөндү, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, күн мурун саат 18:07де Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы Кабылбек көчөсүндө жыгач устундуу тунуке жабылган мечиттин 4 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда, саат 18:24 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азис айылына караштуу Фрунзе көчөсүндө сарайда өрт чыккан.
Өрттөн жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры, 500 түк беде, 30 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.