ӨКМ: Сузак районундагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө

Аймак

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Сузак районундагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча түшүндүрүү, алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

Сузак районунун Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Барпы, Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарындагы жер көчкү кооптуулугу жогору болгон тилкелерге ӨКМнин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин жумушчу тобу тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, биринчи кезекте көчүрүүгө 102 үй-бүлө сунушталган.

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү иштерине жергиликтүү бийликке 20 бирдик 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилип, Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылынын Кайырма тилкесине тигилип, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, КР ӨКМнин Сузак району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү бийлик органдарынан турган комиссия курамы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.