ӨКМ: Суунун деңгээли көтөрүлөт

Коом

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын 5-6-июнунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20...25, тоолуу райондордо 7...12, бийик тоолуу райондордо 0...5 градус жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 5-6-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.