Бишкек, 03.02.18 /Кабар/. 2018-жылдын 3-февралынан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий