Бишкек, 30.01.18. /Кабар/. . Бишкектеги Ош базарынын аймагындагы Сейтек соода түйүнүндөгү өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 12 бөлүм тартылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жеринде куткаруучулар тобу иштеп жатат.
Эске сала кетсек, бүгүн, 30-январда болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Мурда өрттү өчүрүү үчүн 8 бөлүм тартылгандыгы тууралуу маалымдалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Министрликтен кабарлашкандай, окуяны жеринде министр Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт.
Кошумча маалымат берилет.