ӨКМ нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды тизмектеди

Коом

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үстүбүздөгү жылдын 2-июлуна чейин туруксуз аба ырайынан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, төмөнкү аймактарда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн:

  • Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
  • Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;
  • Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору;
  • Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору;
  • Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору;
  • Талас облусу: Талас, Бакай-Ата району;
  • Нарын облусу: Нарын, Жумгал району.

ӨКМ ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин жана жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет!