ӨКМ: Кара-Кулжа дарыясына 16 жаштагы кыз чөгүп кетти

Кырсык

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа дарыясына 16 жаштагы кыз чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыздын сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 7-июнда түшкөн.

Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, кыздын сөөгүп суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.