• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

ӨКМ: Каналга түшүп кеткен үч жаштагы бөбөк табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга түшүп кеткен үч жаштагы бөбөк табыла элек. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, окуя 26-августта болгон, анда 2017-жылы туулган кыз сууга түшүп кеткендиги маалымдалган.

Учурда министрликтин 13 куткаруучусу сууга чөгүп кеткен кызды издөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий