ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Жалал-Абаддагы кооптуу аймактарды кыдырды

Аймак

Бишкек,05.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусуна жумушча сапар менен барып, кооптуулук жараткан аймактардагы алдын алуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр ошондой эле Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №57 өрт өчүрүү бөлүгү, экинчи өзүнчө куткаруу отряды жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын №6 взводунда өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттарды көрдү.

Куткаруучулар менен болгон жолугушууда министр облус аймагында аткарылчу жумуштарга кенен токтолуп, мамлекетке ак дилден кызмат кылууну жана бир катар тапшырмаларды берди