ӨКМ: Араванда мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү

Аймак

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун өрт-куткаруу бөлүмүндө Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн №8 М.Назаров атындагы, №26 М.Караев атындагы орто мектептеринин окуучулары үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - өрткө каршы кызмат менен таанышуу жана балдардын өрт коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери окуучулар менен өрт коопсуздук эрежелери, өрттүн келип чыгуу себептери, алардын келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баарлашты. Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөдүн кызматы жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле окуучуларга "101" жана "112" өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондору эскертилди.