Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Бишкек - Ош автоунаа жолунун 217-чакырымынан 222-чакырымына чейинки аралыкта каар жаап, шамал болуп жатканына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тоңуп тыгын пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жерине №23 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, каарды тазалоо жана жолго кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.
ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды дөңгөлөктөрүнө көңүл буруп, тийиштүү шаймандарды алып жолго чыгууну эскертет.