ӨКМ: Аксы районунун Ак-Жол айылында сел жүрдү

Аймак

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Аксы районунун Ак-Жол айылында сел жүрдү, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-майда түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Ак-Жол айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Ак-Жол айылында 8 турак үйдүн короосун, Шына айылында 10 турак үйдүн короосун, ошондой эле Эчкилик-Сай жана Жолборсту айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорун каптаган.

Жерине Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен. Кошумча маалымат берилет.