Кирүү акысыз. Бишкекте жана Ошто заманбап индия бий кечеси өтөт

Маданият

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. Бишкекте жана Ошто заманбап индия бий кечеси өтөт, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы.

Бий кечеси:

  • Бишкек шаарында 1-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Башталышы саат 18:00.
  • Ош шаарында 3-февралда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болот. Башталышы саат 18:00.

Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Бул маданий программа КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Индияын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылат.

Кечени Индиянын Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулат.