• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Кирүү акысыз. Бишкекте немис-француз классикалык музыка кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук филармониянын чоң залында 23-январда немис-француз классикалык музыка кечеси өтөт.

Музыка сүйүүчүлөрү үчүн кирүү акысыз, башталышы саат 18:30.

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, кече германиялык виолончелист Флориан Шмидт-Барта, франциялык альтист Матис Роша жана Р.Осмоналиев жетектеген Мамлекеттик академиялык симфониялык рркестрдин коштоосунда өтөт.

Билеттерди 19-январдан баштап филармониянын кассасынан бекер алып кетүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий