Кикбоксер Канатбек Сыдыгалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Спорт

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кикбоксер Канатбек Сыдыгалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбосинг федерациясы соцтармакка билдирүү калтырды.

Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду.

Ал 1999-2000-жылдарда кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону болгон.