• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Киевдеги АКШ элчилигинде жардыруу болду

Дүйнө 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Киевдеги Шевченко районунда жайгашкан АКШ элчилигинин аймагында жардыруу болду. Бул боюнча теракт беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Киевдин милициясы таратты.

Окуя түнкү саат 00:05 чамасында болгон.

Маалыматта “элчиликтин аймагына белгисиз адам такталбаган жардыруучу затты ыргытканы, ошондой эле, жардыруудан эч ким жабыркабаганы” айтылат.

Украинанын Кылмыш кодексинин 258-беренесине ылайык (террордук акт) кылмыш иши ачылды.

Пикир

Оставить комментарий