• 86.87
  • 100.41
  • 1.08

Киевде курал-жарак менен кармалган адам Кыргызстандын жараны эмес – Тышкы иштер министрлиги

Коом 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Киевде курал жана ок-дарылар менен кармалган адам Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстандын Украинадагы элчилиги билдиргендей, жанында курал-жарак алып жүрүп Украинанын полициясы тарабынан кармалган адам КР жараны деген маалымат тастыкталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Украинанын Улуттук полициясынан алынган маалыматка ылайык, ал адам Кыргызстандын жараны эмес.

Пикир

Оставить комментарий