Кичи ГЭСинде толук камдуу оңдоо иштер жүргүзүлүүдө

Коом

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААКка таандык Кичи ГЭСинде 2024-2025-жылдардагы күз-кышкы мезгилге даярдык жана гидротурбиналык жабдыктарды ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында капиталдуу ремонт жүргүзүлүп жатат.

"Чакан ГЭС" ишканасынан маалымдашкандай, 19-августта Г-2 генераторунун статоруна кошумча обочолотмо коюу менен гидротурбиналык жабдыктарды оңдоо иштери башталган. Учурда төмөнкү иштер аткарылды:

  • айлантманын бычакчаларын кошумча ширетүү иштери
  • лабиринттик мөөрдүн мойунчаларын ширетүү
  • генератордук жана турбиналык подшипниктерди баббит менен ширетүү
  • Г-2 статорунун оролмолорун чечүү жана обочолорун толук алмаштыруу.

Кичи ГЭС Кыргызстандагы биринчи ГЭСтердин бири болуп саналат. 1928-жылы негизделген, анын кубаттуулугу 0,4 МВт. Кичи ГЭСти иштөө абалында сактоо, туруктуу иштөөнү камсыз кылуу үчүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан энергетикасынын тарыхындагы баалуу мурас катары чоң мааниге ээ.