Бишкек, 12.03.24./Кабар/. Кыргыз футбол союзунун биринчи вице-президенти Нурдин Букуев футзал боюнчп улуттук курама команданын машыктыруучулар штабынын мүчөлөрү жана оюнчулары менен жолугушту.
Футзал ассоциациясынан кабарлашкандай, жолугушуу футзал боюнча улуттук кураманын 2024-жылкы Азия Кубогунун мелдешине даярдык катары өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өткөн.
Биринчи вице-президент оюнчуларга жана машыктыруучуларга алдыдагы турнирге болгон даярдыктын ийгиликтүү өтүшүн каалап өттү.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий