Кетти! БШК депутаттары Бишкектин мэрине ишеним көрсөтүшкөн жок

Коом

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаттары Бишкектин мэри Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөтпөө демилгесин колдошуп, аны отставкага кетиришти.

Кезексиз жыйынга 45 депутаттын 40ы катышты. Эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти.