Бишкек, 17.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Башталгыч класстардын окуучуларына интеллектуалдык менчикти коргоо тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылынын И.Таранчиев атындагы орто мектебинин “Жаш ойлоп табуучу” ийриминин алкагында “Интеллектуалдык менчик” викторинасы өттү. Ага мугалимдер, окуучулар жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.
Бул акция 2017-2021-жж. КР интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында өттү.
Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлери балдарга интеллектуалдык менчикти объекттери, улуу ойлоп табуулар, азыркы жаштардын бул тармактагы жетишкендиктери тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш ойлоп табуучулар үчүн “Дүйнөнү өзгөрткөн ачылыштар” слайды сунушталды. Окуучулар абдан активдүү катышып, көптөгөн кызыктуу суроолорду беришти. Мындан тышкары, викторинанын катышуучуларына Кыргызпатенттин эстелик белектери жана сертификаттары тапшырылды.