Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин шаарынын Исраилов көчөсүндөгү №26 турак үйдүн батирлеринин биринен пенсионердин сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар жабылып калган эшигин ачышканда батирдин ичинен 87 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.