Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу болду

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 26-август күнү кечки саат жетилерде Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн аймагында өрт чыгып, андан соң катуу жарылуу болду.

Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондор жок, жаракат алгандар 60тан ашты.