Казакстандан КРге 8 кг баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Казакстандан КРге 8 кг баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Степное айылынан 50 м алыстыкта орун алган кыргыз-казак чек арасында 1981-жылкы А.С., аттуу жаран кармалган. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Текшерүү маалында 8 кг баңгизаты табылган.

А.С., жанында өздүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыккан жана ал мурда баңгизатын колдонгондугу үчүн соттолгондугу аныкталган.

Тиешелүү документтер чогултулган соң ал КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.