Казакстандагы башаламандыкта жабыркаган Чолпонбек Сыдыковго 50 миң сом бөлүндү

Коом

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Казакстандагы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковго колдоо көрсөттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, муниципалитеттин резервдик фондунан ага 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайып кетишин жана ага ден соолук каалайт.

Эскерте кетсек, Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган.