Казакстандагы башаламандык учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Казакстандагы башаламандык учурунда сегиз полиция кызматкери жана Улуттук гвардиянын жоокери каза болду. Ошондой эле 300гө жакыны жараат алды, - деп өлкө ИИМине таянып жергиликтүү Tengrinews.kz порталы жазат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бейбаштык жана талап-тоноочулук аракеттери чагымчылар тарабынан уюштурулуп жатканын айтып, чагымга алдырбоого чакырды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-январында Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды.

Булак РИА Новости