Казакстанда өткөн суткада 571 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада 571 киши коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы катталган учурлар боюнча Алматы шаары алдыда — бул калаада дүйшөмбүгө карата 118 кишиге вирус жуккан. Экинчи орунда 73 кишиден COVID-19 аныкталган Акмоло облусу жайгашкан.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-мартта тогуз бейтап көз жумган.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылдын март айынан бери Казакстанда 219 325 кишиге коронавирус жугуп, 2 819 бейтап каза болду. Бул статистикага «коронавирустук пневмониядан» көз жумган жүздөгөн киши кошулган эмес. Бул боюнча статистика августтан тартып жүргүзүлүп, 49 577 киши ооруга чалдыгып, 646 бейтап каза болгону кабарланууда.