Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилиги аяктады. Кыргызстан көрсөткөн жыйынтык

Спорт

Бишкек, 23.09.19 /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилиги аяктады. Биринчиликте Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курамалары көрсөткөн жыйынтыктарды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Белгилей кетсек, мелдеш 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өттү.

Мелдеште эки спортчу келерки жылы Токиодо (Япония) өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ала алышкан – грек-рим күрөшүндө Атабек Азисбеков (87 кг) жана кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг).

Күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова гана байгелүү орунду багындырды. Ал өз салмагында баарынан мыкты чыгып, Кыргызстандын тарыхында алгачкы дүйнө чемпиону болуп калды.