Казакстанда шахтада бир жумушчу мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасында бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу ал кенди иштетип жаткан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда болгон окуяны териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Компаниядан жумушчунун өлүмүнүн себептерин билдиришкен жок.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, жумушчунун сөөгү көмүр төгүлгөн жерде табылган.

6-ноябрда Караганда облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык «Саранск» көмүр кенинде бир жумушчу мерт болгон. Компания өкүлдөрү жумушчу кокустуктан улам каза болгонун билдиришип, окуяны териштирүү үчүн комиссия түзүлгөнүн айтышкан.