Казакстанда буту жана кабыргасы сынган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке келе жатат

Коом

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Казакстанда буту жана кабыргасы сынган абалда табылган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке келе жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаада "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келинди.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин көмөгү менен министрлик тарабынан Ч.Сыдыковду "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан тосуп алуу менен, аны андан ары тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулду.

Эскерте кетсек, Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган.