Казакстанда билим берүү министринин орун басары камалды

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Казакстандын Тергөө соту билим берүү жана илим министринин орун басары Элмира Суханбердиеваны эки айга, 2-августка чейин камоо чечимин чыгарды.

5-июнда өлкөнүн коррупцияга каршы кызматы билим берүү жана илим министринин орун басарына каршы иш козголгонун маалымдаган. Бирок мекеме шектүүнүн аты-жөнүн атаган эмес.

Өткөн айда коррупцияга каршы кызмат улуттук тест тапшыруу борборунун башчысы Рамзан Алимкуловго карата териштирүү иштери башталганын кабарлаган.

47 жаштагы Элмира Суханбердиева 2016-жылы вице-министр болуп дайындалганга чейин шаардык билим берүү башкармалагын жетектеген. 2007-2009-жылдары республикалык “Казакстан” телерадиокорпорациясынын жетектөөчү кызматтарын аркалаган.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев май айында “кол алдында иштегендер коррупциялык кылмыштарга барса, жетекчилери отставкага кетиши керек” деп билдирген.

Эл аралык Transparency International уюмунун иликтөөсүнө ылайык, Казакстан көп жылдардан бери коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында.