Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын маданият министри Зульфия Давлатзода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
“Жолугушууда Казакбаев маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып, ал кыргыз-тажик мамилелеринин бардык спектрине оң таасирин тийгизерин белгиледи. Тараптар эки боордош элдин, айрыкча чек ара районунда жашаган элдин ортосундагы өз ара ишеним мамилени бекемдөө зарылдыгын билдиришти. Маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу, чек арадагы райондордо өтүп жаткан концерттерге жана фестивалдарга катышуу, аны менен бирге билим берүү, спорт, туризм жаатында кызматташтыкты активдештирүү жана этностук азчылыктардын колдоонун зарылдыгы белгиленди”, - деп билдирет министрлик.
Жолугушуунун жүрүшүндө кийинки жылы боло турган Кыргызстан менен Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен, Казакбаев бул мааракелик датага карата бир катар ири маданий иш-чараларды чек арадагы облустарга жана райондорго басым жасоо менен өткөрүүнү сунуштаган. Жалпысынан, маданият күндөрүн, кинофестивалдарды, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү, жаштар делегацияларынын иш сапарлары менен алмашуу аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөнү өнүктүрүүгө жаңы дем берүү чек арада болуп жаткан чыр-чатактардын фонунда коомдогу терс кырдаалга оң таасирин тийгизери белгиленген.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттары катышып жүргөн фестивалдар элдердин жакындашуусуна жана маданий байланыштардын бекемделишине салым кошуп жаткандыгы айтылган.