Казакбаев Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин президенти менен жолукту

Коом

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда кыргыз делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын ишине катышуусунун алкагында, Кыргызстандын делегациясынын башчысы – тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) президенти Питер Мауэр менен жолугушту.

Жолугушууда негизги басым Сириядан Кыргыз Республикасынын жарандары-балдарды мекенине кайтаруу маселесине ЭККК тарабынан жардам көрсөтүүгө бурулду.

ЭКККнын башчысы бул маселеде жардам көрсөтүүгө Уюмдун толук даярдыгын жана ЭКККнын Бишкектеги кеңсесинин кыргыз тарап менен тыгыз байланышта болорун билдирди.