Каржы тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы өнүктүрүлөт

Саясат

Ташкент, 12-июль /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчсиси Данияр Садыков Өзбекстандын мамлекеттик комитетинин алдындагы баалуу кагаздар базарын өнүктүрүү жана координациялоо борборунун башкы директору Баходир Атаханов менен жолукту. Тараптар каржы тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү жаатында пикир алышты,- деп билдирет Ташкенттеги элчиликтин басма сөз кызматы.

Алар эки өлкөнүн каржы тармагын көзөмөлдөгөн ведомстволордун кызматташуусун арттыруу, ар тараптуу биргелешкен иш чараларды жүргүзүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу зарылчылыгын белгилешти.