Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Каракол шаарындагы тез татым жайынан чыккан өрттүн кесепетинен 20 жаштагы А.Н. аттуу кыз каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ошондой эле кырсыктын кесепетинен 6 адам ар түрдүү күйүк жаракат алышкан. Жабырканган жарандар тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле тез тамактануучу жайда газ баллон жарылганын тастыктады.