Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Караколдо 11нен 12-январга караган түнү облустук телеканалдын журналисти өлүк абалда табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, каза болгон Б.Г. аттуу журналист кыз 29 жашта болгон. Анын үч баласы жана күйөөсү калды.
Ал Каракол шаарында үй-бүлөсү менен жашап келген. Сөөгүн жакындары табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, ал өз жанын кыйган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий