Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Аймак

Бишкек, 25.11.23./Кабар/. Бүгүн Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров, коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздору катышты.

Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.