Каракол шаарында балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы өттү

Аймак

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бактылуу балалык каалады.

Ошондой эле кичинекей балдар үчүн атайын театрдаштырылган программа тартууланып, жаңы жылдык белектер тапшырылды.