Каракол КМШдагы эң популярдуу лыжа базаларынын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Коом

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. ТурСтат порталы кышкы эс алуу жана 2023-жаңы жылды майрамдоо үчүн КМШдагы популярдуу болгон тоо-лыжа базаларынын рейтингин сунуштады.

Казакстан, Кыргызстан жана Армениядагы тоо-лыжа курорттору кышкы эс алуу үчүн КМШдагы алдыңкы үчтүктү түздү.

ТурСтаттын маалыматына караганда, КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы үчтүккө Шымбулак, Каракол жана Цахкадзор кирди.

Каракол лыжа базасы Ысык-Көлдүн чыгышында, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 400 км, Каракол шаарынан 7 км алыстыкта ​​жайгашкан. Каракол курортунда кышында деңиз деңгээлинен 2300 метрден 3040 метрге чейинки бийиктикте 20 чакырымдан ашык трассада лыжа тебүүгө болот.

Рейтинг КМШ өлкөлөрүндөгү лыжа базаларынын популярдуулугун изилдөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылды.